top of page

Пикирлер

"Жан дүйнөм тынчтанды"

Мен буга чейин психологдун сеанстарын сериал менен фильмдерден көргөндөй элестетчүмүн. Менин маселелеримди кунт коюп уккан угуучу табам го деп келгем. Консультацияга келгенде психолог кунт коюп гана укпастан, аларды чечүүгө зор көмөк берди. Азыр  коркунуч, ызалануу менен тынчсыздануудан арылдым. Үй-бүлөдөгү пикир келишпестик чечилгенине көп убакыт болду. Мени балачагымда таштап кеткен атама карата таарынычтан биротоло арылдым! Ырахмат сизге!

Нурзада Т.

"Жалгыздыктан арылдым"

Мен жигиттер менен такыр сүйлөшө алчу эмесмин. Тилекке каршы, эркек балалуу болбой койгондо атам мен кичине чагымда эле  биздин үй-бүлөдөн кетип калган. Апам кыздарды өзү чоңойткон. Ошондуктан мырзалар мага башка планетадан келгендей таасир калтырчу. Алар менен такыр тил табыша алчу эмесмин. Жашым өтүп кетип турмушка чыкпай калдым деген ойго биротоло макул болгом. Ал тургай эжемдин баласын багып алууну максат койгом. Бирок психолог Гүлнура Жумалиеванын мырзалардын психологиясын толугу менен  үйрөтө турган курсуна жазылдым. Биринчиден Аллахтын буйругу менен экинчиден психологдун туура берген билими аркылуу 40 жашка чыкканымда өзүмдөн бир жаш улуу мыкты мырзага турмушка чыктым. Учурда 1 кызыбыз бар. Бакыт тынчтыкты сүйөт деп коюп жашап жатабыз!Жашоодо жөн эле кыйнала бербей кыйын учурда кесипкөй адиске кайрылуу керек деп эсептейм!

Турсунай  

“Эң мыкты адис”

Психолог Гүлнур Жумалиеваны жакшы тааныйм, ар дайым изденүүдөн талбаган мыкты адис. Аны менен баарлашкандан кийин өзүмдү ушунчалык жакшы сезип калам. Психологияга кызыкчу эмесин. Канчалык психологдун консультациясы жана маалыматтар аркылуу бул илимди жакындан билген сайын элге пайдасы чыны менен тие турган илим экенине көзүм жетти. Ишиңизге ийгилик каалайм!

Гүлзада Байыш кызы

bottom of page